Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына
ЖАРАНДАРДЫН ЭЛЕКТРОНДУК КАЙРЫЛУУЛАРЫНЫН ПОРТАЛЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 25-мартындагы № 182

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын коомдук кабылдамалары жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 138, 2012-жылдын 28-мартындагы № 213, 2013-жылдын 10-январындагы № 6, 2014-жылдын 12-ноябры № 641
токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Коомдун социалдык-экономикалык проблемаларын чечүү боюнча иштерди өркүндөтүү жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча жарандарга оперативдүү мүмкүндүктөрдү берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүдөй коомдук кабылдамалар уюштурулсун:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин;

- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын.

2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, шаарлардын мэрияларынын жетекчилери:

- коомдук кабылдамалар үчүн жайларды беришсин жана зарыл болгон жабдуулар, байланыш каражаттары жана сарптоочу материалдар менен камсыз кылышсын, "ишеним телефондорунун" номерлерин аныкташсын;

- жарандарды видео-конференц-байланыш жолу менен онлайн режимде кабыл алуунун уюштурулушун камсыздашсын;

- коомдук кабылдамалардын жайгашкан жерлери жана "ишеним телефондорунун" номерлери жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялашсын;

- коомдук кабылдамалардын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн;

- телефондук жана башка билдирүүлөргө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү жана өз убагында чара көрүшсүн;

- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 641 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Коомдук кабылдамалар жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-августундагы № 591 «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасы жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-майындагы № 184 «Коомдук кабылдама жана «ишеним телефону» жөнүндө» токтому.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 138, 2012-жылдын 28-мартындагы № 213, 2013-жылдын 10-январындагы № 6 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

Д. Үсөнов

 

 

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн
2010-жылдын 25-мартындагы
 № 182 токтому менен бекитилген

 

Коомдук кабылдамалар жөнүндө
 Жобо

 

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 138, 2012-жылдын 28-мартындагы № 213, 2013-жылдын 10-январындагы № 6 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын кабылдамалары (мындан ары - Кабылдама) жарандар жана коомчулук менен мамлекеттик органдардын оперативдүү өз ара аракеттенүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү максатында уюштурулат.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасынын ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жарандарды видео-конференц-байланыш жолу менен онлайн режимде кабыл алса болот.

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 138, 2012-жылдын 28-мартындагы № 213, 2013-жылдын 10-январындагы № 6, 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 641 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 3. Коомдук кабылдамалар юридикалык жак болуп эсептелбейт жана мөөрү, штампы болбойт.

4. Кабылдама өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, ушул Жобону жетекчиликке алат.

5. Коомдук кабылдама төмөнкүдөй милдеттерди чечүү үчүн түзүлөт:

- Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүргүзүп жаткан саясатты жер-жерлерде түшүндүрүү;

- калк өзүнүн проблемаларын бийлик менен бирге аракеттенип өз алдынча чечүүгө жөндөмдүү деген ишенимди калыптандыруу;

- жарандарды кабыл алууну, алардын жазуу жүзүндөгү жана ооз эки кайрылууларын эсепке алууну, аларды өз убагында кароону уюштуруу;

- жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын жүргүзүүгө көмөктөшүү;

- жарандарга бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк берүү;

- жарандардын кайрылуулары менен иштөөнү жакшыртуу боюнча зарыл болгон маалыматты бийлик органдарына берүү.

6. Кабылдаманын негизги иш багыттары - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кепилдик берилген арыз ээлеринин мүмкүнчүлүктөрүн жана укуктарын түшүндүрүү максатында жарандарга консультация берүү жана Кабылдамага кайрылгандардын проблемаларын чечүүдө төмөнкүдөй жолдор аркылуу практикалык жардам көрсөтүү:

- кайрылууларды, суроо-талаптарды Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтерине, мамлекеттик комитеттерине, администрациялык ведомстволоруна, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана мамлекеттик башкаруунун башка органдарына жиберүү жана алардын аткарылышынын жүрүшүн, берилген жоопторду текшерүү (зарыл болгон учурда);

- консультациялык жана укуктук жардам көрсөтүү үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин ишке тартуу, алар белгиленген күндөрү белгилүү бир мезгилде жарандарды кабыл алышат жана жарандар койгон маселелерди чечүүгө кызматтык милдеттеринин чегинде жардам көрсөтүшөт.

7. Жарандар Кабылдамага төмөнкүдөй жолдор менен кайрылышы мүмкүн:

- Кабылдамага жеке өзү келип;

- реалдуу режимде видео-конференц-байланышка чыгуу менен;

- жазуу жүзүндөгү кайрылуу жазып;

- «ишеним телефонуна» телефон чалып;

- электрондук билдирүү жиберип.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 641 токтомунун редакциясына ылайык)

8. Жарандарды күн сайын кабыл алуу министрликтин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомствонун, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана шаардын мэриясынын жооптуу кызматкери тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт, ал:

- жетекчиликтин жеке кабыл алуусуна жарандарды күн сайын жазууну жүргүзөт;

- жарандардын кайрылуулары боюнча кызматтык документтерди тариздөөнү, каттоону жүргүзөт, аны аткарууга берет;

- кайрылуулар боюнча консультацияларды берет жана тиешелүү органдын башка кызматкерлерин консультацияга тартат;

- кайрылуу боюнча суроо-талаптарды мамлекеттик жана өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдарына же уюмдарга жиберет;

- жарандардын жазуу жүзүндөгү жана ооз эки кайрылууларын талдайт жана жалпылаштырат, коомдук кабылдамага келип түшкөн жарандардын жеке кайрылууларынын маалыматтык базасын жүргүзөт;

- жарандардын кайрылууларынын мүнөздөрү жана иштеринин абалы жөнүндө маалыматты жетекчиликке берет;

- төмөнкүлөр боюнча жетекчиликке сунуш киргизет:

жарандардын арызданууларын пайда кылган себептерди жоюу;

мамлекеттик башкаруу органдарынын коомдук кабылдамаларынын ишин өркүндөтүү жана жакшыртуу;

- жарандардын арыздарын кароонун мөөнөттөрүнүн сакталышын контролдойт;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө даректелген жарандардын кайрылуулары боюнча маалыматтык ишти жүргүзөт;

- жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн түрлөрүн жана методдорун, иш кагаздарын жүргүзүүнү өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоого катышат;

- мыйзамдарга жана нормативдик укуктук актыларга ылайык жарандардын кайрылуулары боюнча делолорду, кызматтык документтерди белгилүү бир мезгилге түзөт жана сактайт.

9. Коомдук кабылдама үчүн арналган жайлар санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана төмөнкүдөй нормативдерге шайкеш келүүгө тийиш:

- кире беришинде «Коомдук кабылдама» деген жазуу жана иш графиги илинет;

- жарандарды кабыл алууну уюштуруу үчүн эмерек жана инвентарь менен жабдылат;

- компьютердик техника жана уюштуруу техниканын каражаттары менен жабдылып, Интернет тармагы электрондук дареги менен бирге кошулат;

- абаны желдетүү жана өрткө каршы системасы, өрт өчүрүү каражаттары, өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо кабарлоо системасы менен жана биринчи зарылдыктагы дары-дармектери бар аптечка менен жабдылат;

- сарптоочу материалдар, кеңсе товарлары менен жетиштүү санда камсыз кылынат;

- жарандарды жеке кабыл алуунун күтүүчү жерлери стулдар, столдор, маалымат такталары менен жабдылып, кеңсе буюмдары менен камсыз кылынат.