Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына
ЖАРАНДАРДЫН ЭЛЕКТРОНДУК КАЙРЫЛУУЛАРЫНЫН ПОРТАЛЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ

Бишкек ш., 2014-жылдын 5-марты, № 98

 

Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде жарандардын кайрылууларын ар тараптуу, объективдүү жана өз убагында кароо талаптарын бузган учурлар кездешет; жарандардын негиздүү өтүнүчтөрүнө жана кабарларына карата убарага салуу, көңүл кош, кайдыгер, формалдуу-бюрократтык мамиле жасоолор токтотула элек.

Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын кат жүзүндөгү (электрондук) жана оозеки кайрылуулары менен иштөөсүн өркүндөтүү жана калк менен өз ара байланышын жакшыртуу максатында:

1. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын аппараттарда жана ведомстволук мекемелерде, уюмдарда жарандардын кат жүзүндөгү (электрондук) жана оозеки кайрылуулары менен иштөөнү талаптагыдай уюштуруусу үчүн жекече жоопкерчилиги белгиленсин.

2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары төмөнкүлөрдү камсыз кылышсын:

- жарандардын кат жүзүндөгү (электрондук) жана оозеки кайрылууларын бир күндүн ичинде милдеттүү каттоо;

- электрондук кайрылууну кабыл алгандан кийин 3 жумушчу күндүн ичинде авторго анын кайрылуусу кабыл алынгандыгы жөнүндө катталуу номерин жана датасын көрсөтүү менен маалымдоо жиберүү;

- жарандардын кайрылууларын 5 күндүн ичинде тиешелүү (компетенциясына ылайык) мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же кызмат адамдарына жиберүү;

- кат жүзүндөгү (электрондук) жана оозеки кайрылуу катталган күндөн тартып 14 күндүн ичинде кароо жана маселенин маңызы боюнча авторлорго кат жүзүндө маалымдоо. Жарандын кайрылуусун аткаруу үчүн атайын текшерүү жүргүзүү, кошумча материалдарды талап кылуу зарыл болгон учурда кайрылууларды кароо мөөнөттөрү өзгөчө тартипте 30 күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн;

- аппараттарда жана ведомстволук мекемелерде, уюмдарда жарандардын кат жүзүндөгү (электрондук) жана оозеки кайрылууларынын келип түшүүлөрүн так эсепке алуу, алардын өз убагында жана объективдүү каралышын таасирдүү контролдоо, козголгон маселенин маңызы боюнча жарандардын кайрылууларын кароо;

- жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамдарды бузууда өзүнүн баш ийүүсүндөгү күнөөлүү болгон кызмат адамдарына карата ээлеген кызмат ордунан бошотууга чейинки тартиптик таасир көрсөтүү чарасын колдонуп, бул фактылар жөнүндө коомчулукка маалымдоо;

- мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайтында жарыяланган, мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын имаратынын стенддеринде жайгаштырылган жарандарды кабыл алуу графигине ылайык жумасына кеминде бир жолу жарандарды жекече кабыл алууну жүргүзүү;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн алдындагы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Коомдук кабыл алуусунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн жана министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин кызматтык барууларында, командировкага чыгуу учурларында жарандарды жекече кабыл алууларды жүргүзүү.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү укуктук пропаганда, укуктук тарбиялоо жана калкты окутуу жагында, анын ичинде жарандардын кайрылууларын берүү жана кароо маселелерин дайыма жалпыга маалымдоо каражаттары - телекөрсөтүү, радио, басма сөз жана тиешелүү расмий кабар сайтында түшүндүрүү ишин жүргүзүү менен ишти күчөтүшсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптары боюнча жарандардын кайрылуулары менен иштөөсүн иликтөөнү дайыма жүргүзсүн.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри