Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына
ЖАРАНДАРДЫН ЭЛЕКТРОНДУК КАЙРЫЛУУЛАРЫНЫН ПОРТАЛЫ

 

2019-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын канцеляриясынын контролдоо жана жарандардын кайрылуулары секторуна жазуу жүзүндө 4308 жана оозеки 829 кайрылуу түштү, анын ичинде:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан – 634 (14, 7%);

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен 756 (17,5 %);

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Коомдук кабылдамасына жеке кабыл алынган жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылуулары 646 (14,9 %);

-  kattar.kg порталы аркылуу түшкөн электрондук кайрылуулар 510 (11,8 %);

- башка байланыш каражаттары аркылуу түшкөн кайрылуулар (экспедиция, почта, фельдбайланыш, курьер менен жеткирүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүндөгү корреспонденция ящиги) – 1762 (40,9 %).

Жазуу жүзүндөгү кайрылуулардан сырткары учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Коомдук кабылдамасына 356 жаран кайрылган, аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кабыл алышкан, анын ичинен – 63 жаранды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилери кабыл алышкан.

Кайрылган жарандар өздөрүнүн маселелери боюнча кеңири түшүндүрмөлөрдү жана консультацияларды алышты.

Республиканын бардык региондорундагы, КМШ өлкөлөрүнүн тургундарынан жана алыскы чет өлкөлөрдөгү жарандардан кайрылуулар келип түшүүдө.

Эң эле көп арыз, даттануу жана сунуш түшкөн шаарлар жана облустар:

- Бишкек шаары - 1637 (37,9 %);

- Чүй облусу - 756 (13,6 %);

- Жалал-Абад облусу - 508 (11,7 %);

- Ысык-Көл облусу - 330 (7,6 %);

- Ош облусу - 277 (6,4 %);

- Баткен облусу - 226 (5,2 %);

- Нарын облусу - 253 (5,8 %);

- Ош шаары - 175 (4,06 %);

- Талас облусу - 119 (2,7 %);

- КМШ өлкөлөрү жана чет өлкө – 27 (0,6 %).

Арыз берүүчүлөрдүн негизги контингенти – улгайган пенсиялык курактагы адамдар жана башка социалдык аялуу категориядагы жарандар.

Жарандардын бардык жазуу жүзүндөгү, оозеки кайрылууларынын тематикасы боюнча маселелерди төмөнкү багыттарга бөлүштүрүүгө болот:

- агроөнөр жай, дыйкан жана фермердик чарбалардын маселелери жана жер маселеси – 353 (8,1 %);

- укук коргоо жана коопсуздукту камсыздоо маселелери - 301 (6,9%);

- социалдык кызматтардын иши, пенсия, жеңилдиктер, жөлөкпулдар тууралуу жана материалдык жардам көрсөтүү маселелери - 356 (8,2 %);

- билим берүү жана илим маселелери - 323 (7,4 %);

- жер жана турак жай маселелери - 261 (6,05 %);

- курулуш, архитектура, турак жай-коммуналдык чарба маселелери – 219 (5,08 %);

- кадрдык камсыздоо, эмгектик талаш, эмгек акы тууралуу маселелер – 174 (4,03 %);

- саламаттык сактоо маселелери  – 145 (3,3 %);

- башка маселелер – 2166 (50,2 %).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына келип түшкөн кайрылуулар мыйзамда белгиленген мөөнөттө катталат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, Кыргыз Республикасынын министрликтерине жана ведомстволоруна (компетенциясы боюнча) кароого жана аткарууга берилет, бул кайрылууларда коюлган бардык маселелер боюнча арыз берүүчүлөргө жооп кайтарууга мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында жарандардын кайрылууларын эсепке алуу жана кароо, жарандардын сунуштарын, арыздарын кароонун тартиби жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо, кайрылууларды өз убагында жана сапаттуу кароо боюнча кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу, иштеги формалдуулукту жоюу маселелерин өркүндөтүү иштери жүргүзүлүүдө. Кайрылуулар боюнча иште негизинен жарандардын кайрылууларын өз убагында жана сапаттуу кароого жана аткарууга көңүл бурулат

Белгилей кетүүчү нерсе, жарандардын айрым кайрылуулары боюнча министрликтерде жана ведомстволордо арыз ээлери тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөрдү изилдөө жана баяндалган фактыларды арыз ээлери менен кошо текшерүү үчүн жумушчу топтор түзүлгөн. Аткарылган иштин жыйынтыгы боюнча көптөгөн көйгөйлүү маселелер чечилди.