Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына
ЖАРАНДАРДЫН ЭЛЕКТРОНДУК КАЙРЫЛУУЛАРЫНЫН ПОРТАЛЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ

Бишкек ш., 2015-жылдын 4-июну, № 211

 

"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынын аткарбагандыгы жана/же талаптагыдай эмес аткаргандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин дарегине жиберилген жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү максатында:

1. Жарандардын кайрылуулары менен Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын иштөөсүн координациялоо жана баалоо боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин мобилдүү кабылдамасы (мындан ары - мобилдүү кабылдама) уюштурулсун.

2. Мобилдүү кабылдама жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри                                                                                                                      Т.Сариев

 

Тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
2015-жылдын 4-июнундагы
№ 211 буйругу менен
бекитилген

Жарандардын кайрылуулары менен иштөөнү координациялоо жана баалоо боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин мобилдүү кабылдамасы жөнүндө
ЖОБО

1. Жарандардын кайрылуулары менен иштөөнү координациялоо жана баалоо боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин мобилдүү кабылдамасы (мындан ары - мобилдүү кабылдама) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин дарегине жиберилген жарандардын кайрылууларында баяндалган "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынын (мындан ары - кызмат адамдары) бузуу фактыларын жана/же талаптагыдай эмес аткаргандыгын ыкчам кароо үчүн уюштурулат.

1. Жалпы жоболор

2. Мобилдүү кабылдама өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Мобилдүү кабылдама өзүнүн ишин мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эриш-аркак жүзөгө ашырат.

4. Мобилдүү кабылдаманын ишин жетектөөнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр (мындан ары - Мобилдүү кабылдаманын жетекчиси) жүзөгө ашырат.

5. Мобилдүү кабылдаманын жетекчиси:

- Мобилдүү кабылдаманын мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;

- Мобилдүү кабылдаманын ишин координациялайт.

6. Мобилдүү кабылдаманын мүчөлөрүнүн ыкчам чыгуу зарылдыгы жана мобилдүү кабылдаманын курамын түзүү боюнча сунуш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү тарабынан Мобилдүү кабылдаманын жетекчисине киргизилет.

7. Мобилдүү кабылдаманын курамы Өкмөттүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилери менен макулдашылат.

2. Мобилдүү кабылдаманын милдеттери жана укуктары

8. Мобилдүү кабылдаманы түзүүнүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кызмат адамдарынын аткарбагандыгы жана/же талаптагыдай эмес аткарылгандыгы жөнүндө жарандардын кайрылууларын объективдүү жана ар тараптуу кароону камсыз кылуу;

2) жарандардын бузулган укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын калыбына келтирүүгө же коргоого багытталган чараларды ыкчам кабыл алуу;

3) өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча жарандардын маалымдуулугун жана укуктук активдүүлүгүн жогорулатуу;

4) кызмат адамдары тарабынан кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланууну болтурбоо.

9. Мобилдүү кабылдама өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:

1) "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кызмат адамдары тарабынан аткарылбагандыгы жана/же талаптагыдай эмес аткарылгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин дарегине жиберилген жарандардын кайрылууларын кароо үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин белгиленген тартипте ишке тартууга;

2) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын коомдук кабылдамаларын материалдык-техникалык, документациялык жана маалыматтык камсыз кылууларды пайдаланууга;

3) мамлекеттик бийлик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мекемелерден жана уюмдардан жарандардын кайрылууларын кароо үчүн зарыл болгон маалыматты, документтерди жана материалдарды белгиленген тартипте сурап алууга;

4) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин дарегине жиберилген жарандардын кайрылууларында камтылган маселелерди кароо үчүн арыз берүүчүлөрдү жана кызмат адамдарын чакырууга;

5) Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлерине жарандардын кайрылууларын кароонун жыйынтыгы боюнча күнөөлүүлөрдү тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш киргизүүгө.