Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына
ЖАРАНДАРДЫН ЭЛЕКТРОНДУК КАЙРЫЛУУЛАРЫНЫН ПОРТАЛЫ

Абылгазиев Мухаммедкалый ДуйшекеевичКыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри

БОРОНОВ КУБАТБЕК АЙЫЛЧИЕВИЧ

Дареги: 720003, Абдумомунов көч. 207
Веб-сайт жана Email : www.gov.kg 
Байланыш телефону : 0 312 62-53-85
Факс: 0 312 62-60-50

Ишмердүүлүгүн координациялайт

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин;

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин;

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын;

жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн;

Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борборунун.

(Реалдуу сектор, инфраструктура)

Өкмөткө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чөйрөлөрүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.

Тейлеген чөйрөлөрүндөгү маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.

Мамлекеттик агрардык саясатты жүргүзүүнү жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнү, жер реформасы, айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы саясатын, климаттык каржылоо, суу ресурстарын башкарууну, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча контролдоону жана көзөмөлдөөнү камсыз кылат.

Мамлекеттик каттоо саясатын, ошондой эле электрондук санариптик кол тамга жаатындагы саясатты камсыз кылат.

Маалыматтык технологиялар, байланыш жана электрондук башкаруу маселелерин координациялайт.

Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын жана минералдык ресурстарды пайдалануу маселелерин координациялайт.

Транспорт жана коммуникациялар, автомобиль жана темир жолдорун оңдоо жана күтүү, мамлекеттик жана мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын топтоо, сактоо жана пайдалануу маселелерин координациялайт.

Архитектура жана курулуш; турак жай-коммуналдык чарба маселелерин координациялайт.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча контролдоо жана көзөмөлдөө маселелерин координациялайт.

Өкмөттүн компетенциясына кирген соттук-укуктук реформа маселелерин координациялайт.

Республиканын административдик-аймактык түзүлүш системасын реформалоо маселелерин; жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, ошондой эле өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт.

Өкмөттүн Нарын жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин координациялайт.

Мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын өркүндөтүү маселелерин координациялайт.

2010-жылдын апрель, май жана июнь окуяларында жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү жана социалдык кепилдик берүү маселелерин координациялайт.

Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматы менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.

1964-жылы 15-декабрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы туулган. Билими жогорку. 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунун «айыл чарба курулуш» факультетин аяктаган. 2011-жылы Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясын «юриспруденция” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1982–1983-ж. – Ош облусунун Алай районунун «Социализм» совхозунун сүт-товардык фермасы, каттоочу

1983–1985-ж. – Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн

1985–1991-ж. – Фрунзе политехникалык институту, студент

1991–1991-ж. – «Фрунзекурулуштун» 9-курулуш-монтаждык башкармалыгы трестинде каменщик болуп иштеген

1992–1996-ж. – «Кыргызкурулуш» АК караштуу «Стройлескомплект» ПБдө инженер, базанын башчысынын орун басары, базанын башчысы болуп иштеген

1998–2000-ж. – «Кыргызкурулуш» АК караштуу жыгач иштетүүчү заводунун директору

2001–2002-ж. – «Гоктүрк» ЖЧК директорунун орун басары

2003–2003-ж.– Кыргыз РеспубликасынынЭӨКМнин Жарандык коргонуу штабына анык аскер кызматына чакырылган, пландык-экономикалык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалган

2003-2006-ж. – Кыргыз Республикасынын ЭӨКМне караштуу Жарандык коргонуунун Башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары

2006-2008-ж. -Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысынын орун басары

2009-2010-ж. – Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы

01.2010-08.2010-ж. – Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаментинин директору

08.2010-12.2011-ж. – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары

24.12.2011-20.02.2018 – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри

2018-жылдын 20-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри